E-QUALITY – Digital education for social and financial

inclusion and gender equality

БИРИНЧИ РАДИО о семинарах

Жаш мигранттардын санариптик, коммуникациялык жана кесиптик көндүмдөрүн өнүктүрүү үчүн усулдук жана эксперттик базаны түзүү максатында Бишкек шаары, Ош жана Ысык-Көл облустарында үч күндүк семинарлар өттү. Эми окуудан өткөндөр миграцияга анттанып жаткандарды окутушат.

Семинарга кесиптик башталгыч билим берүү уюмдарынын жана кесиптик лицейлердин 120дан ашык өкүлдөрү катышты. Тренингдин жыйынтыгы менен семинарды ийгиликтүү аяктагандыгы тууралуу сертификатка ээ болушту. Анын негизинде алган билимдерин жергиликтүү деңгээлде ментор катары башкалар менен бөлүшүп жана долбоордун алкагында дагы башка онлайн семинарларга катыша алышат. Долбоор өлкөнүн бардык аймактарынан катышуучуларды тартууну пландоодо.

Катышуучулар семинарда санарип көндүмдөрүнө жараша группаларга бөлүнүштү. Окуунун алкагында, 600дөн ашык адам катталган жана онлайн курстардан өтүп жаткан “AcademyInAQA” электрондук билим берүү платформасында иштөө, Canva, Prezi, Powtoon сыяктуу программалык камсыздоо жана тексттик редакторлор, презентациялар жана таблицалар менен иштөөнү үйрөнүштү. Мындан тышкары, “Ишкердик” чакан курсун өтүп, LMS (Learning Management System) электрондук окутуу платформасы менен таанышышты. Билим берүү уюмдарынын ишинде жана тесттерди түзүүдө ChatGPT (жасалма интеллектке негизделген чат-ботту) колдонуу мүмкүнчүлүктөрү менен таанышышты. Берилген маалыматтардын жыйынтыгы боюнча катышуучулар өтүлгөн материалдар боюнча сертификациядан өтүп, экзамен тапшыргандан кийин ментор деген сертификатка ээ болушту.

Источник: БИРИНЧИ РАДИО

Ссылка Facebook: https://www.facebook.com/214231458647708/posts/8933844923352941/?mibextid=Nif5oz