E-QUALITY – Социалдык жана каржылык инклюзия жана гендердик

тең укуктуулук үчүн санариптик билим берүү

Akchabar.kg - Кыргыз Республикасынын эмгек мигранттары үчүн интерактивдүү тиркемелер жана виртуалдык мониторинг системалары иштелип чыккан.

КРнын эмгек мигранттары үчүн интерактивдүү тиркемелер жана виртуалдык мониторинг системалары иштелип чыккан. Бул тууралуу Акчабарга «E-Quality» долбоорунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Эми эмгек мигранттары иштөө режимине жана жерине карабастан консультацияларды алып, көндүмдөрүн өстүрө алышат.

Ошондой эле, бир катар багыттар боюнча жумушчуларга Кыргыз Республикасынын Улуттук квалификациялык алкактарын эске алуу менен квалификациясын жогорулатуу боюнча документтерди алууга мүмкүндүк берүүчү көндүмдөрдү санариптик баалоо жана сертификациялоо инструменттери иштелип чыгат.

Белгилей кетсек, Евросоюз долбоорго 900 миң евро бөлгөн жана анын мөөнөтү 30 айды түзөт.

Максаттуу топтор катары каралат: квалификациясы төмөн жаш эмгек мигранттары; формалдуу билим алууга жана көндүмдөрдү өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүгү чектелген кыздар жана жаш аялдар, тышкы миграция процессинин катышуучулары катары жаш мигранттардын үй-бүлө мүчөлөрү; жаш эмгек мигранттарын колдоо боюнча мамлекеттик органдар, ошондой эле ар кандай типтеги билим берүү уюмдары.