E-QUALITY – Социалдык жана каржылык инклюзия жана гендердик

тең укуктуулук үчүн санариптик билим берүү

Долбоордун катышуучулары

Жетектөөчү өнөктөш: Болгариянын билим, илим жана маданият палатасы

Улуттук өнөктөш: Сапатты камсыздоо боюнча эл аралык бюро InAQA

Максаттуу топтор:

1. Жаш эмгек мигранттары (14-30 жаш) квалификациясы төмөн жумушчулар.

2. Үй-бүлөдөгү жаш кыздар жана аялдар (14 жаштан 30 жашка чейин), формалдуу билим алуу жана көндүмдөрдү өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү чектелүү.

3. Эмгек мигранттарынын үй-бүлөлөрү жана үй чарбалары эл аралык миграция процессинин катышуучулары катары.

4. Мамлекеттик органдар: Жаштар иштери боюнча мамлекеттик агенттик, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Баштапкы кесиптик билим берүү агенттиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы.

5. Билим берүү кызматтарын даярдоочулар: кесиптик колледждер, үзгүлтүксүз билим берүү борборлору, жогорку окуу жайлары ж.б.