E-QUALITY – Социалдык жана каржылык инклюзия жана гендердик

тең укуктуулук үчүн санариптик билим берүү

Долбоордун максаттары

"E-QUALITY - социалдык жана финансылык инклюзия жана гендердик тең укуктуулук үчүн санариптик билим берүү" долбоорунун жалпы максаты - жаш мигранттар жана квалификациясы төмөн аялдар сыяктуу Кыргыз Республикасынын социалдык жактан аялуу катмарынын санарип сабаттуулугу, ишкердүүлүгү жана лидерлиги боюнча жаңы көндүмдөрдү өнүктүрүү жана социалдык интеграциянын туруктуу моделин түзүү жана жайылтуу.

Долбоордун конкреттүү максаттары төмөнкүлөр:

  • Жаш мигранттардын санариптик жөндөмдөрүн, каржылык жана ишкердик сабаттуулугун жогорулатуу
    Ишкердик, санариптик, лидерлик жөндөмдөрү аркылуу аялдарды коомдук турмушка тартууну жана катышуусун жогорулатуу
  • Санариптик окутуу, санариптик менторинг, санариптик баалоо жана кесиптик квалификацияны сертификациялоо аркылуу жаш мигранттардын аялуу топторун колдоо үчүн социалдык жана билим берүү саясатын иштеп чыгуу жана илгерилетүү