E-QUALITY – Социалдык жана каржылык инклюзия жана гендердик

тең укуктуулук үчүн санариптик билим берүү

Социалдык жана финансылык инклюзия жана гендердик тең укуктуулук үчүн санариптик билим берүү

Социалдык жана финансылык инклюзия жана гендердик тең укуктуулук үчүн санариптик билим берүү

Бишкек, 15-февраль, 2021-жыл

Евросоюздун Болгариянын Билим берүү, илим жана маданият палатасынын, InAQA сапатты камсыздоо боюнча эл аралык агенттигинин, ошондой эле Кыргызстандын эксперттик коомчулугунун өкүлдөрү жаңы долбоорду ишке ашыруу үчүн жолугушат.

«E-Quality» -Социалдык жана финансылык инклюзия жана гендердик тең укуктуулук үчүн санариптик билим берүү»

Кыргызстандын калкынын тышкы эмгек миграциясы бүгүнкү күндө бир жагынан өлкөнүн экономикалык туруктуулугун камсыз кылуучу, экинчи жагынан Кыргызстандын социалдык, маданий жана билим берүү чөйрөлөрү үчүн кыйынчылыктарды жаратуучу маанилүү процесстердин бири болуп саналат.

Жаңы долбоор үч пилоттук региондун - Ысык-Көл, Нарын жана Оштун жаш мигранттарынын эң аялуу топторунун санариптик жана финансылык сабаттуулугун, ишкердикти, лидерлик сапаттарын өнүктүрүүгө багытталат. Бул Кыргызстандын Улуттук өнүгүү стратегиясына жана Туруктуу өнүгүү максаттарына жетишүүсүнө өбөлгө түзөт.

Максаттуу топтор: квалификациясы төмөн жаш эмгек мигранттары; формалдуу билим алууга жана көндүмдөрдү өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүгү чектелген кыздар жана жаш аялдар, тышкы миграция процессинин катышуучулары катары жаш мигранттардын үй-бүлө мүчөлөрү, жаш эмгек мигранттарын колдоо боюнча мамлекеттик органдар, ошондой эле ар кандай типтеги билим берүү уюмдары.

Эң маанилүү көндүмдөрдү өнүктүрүү үчүн долбоор эмгек мигранттарына иштөө режимине жана жерине карабастан көндүмдөрдү өнүктүрүүгө жана кеңештерди алууга мүмкүндүк берген санариптик окутуу модулдарын иштеп чыгат/адаптациялайт.

Окуунун ыңгайлуулугу үчүн жасалма интеллекттин элементтерин колдонуу менен интерактивдүү тиркемелер жана виртуалдык насаатчылык системалары түзүлөт.

Ошондой эле, бир катар багыттар боюнча жумушчуларга Кыргыз Республикасынын Улуттук квалификациялык өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен квалификациясын жогорулатуу боюнча документтерди алууга мүмкүндүк берүүчү көндүмдөрдү санариптик баалоо жана сертификациялоо инструменттери иштелип чыгат.

Окутуунун модулдарын жана баалоо материалдарын иштеп чыгуу мамлекеттик органдарды, чет өлкөлүк жана улуттук эксперттерди, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүн, эмгек мигранттарынын диаспораларын, билим берүү уюмдарын жана башка кызыккан тараптарды активдүү тартуу менен түзүлөт.

 

Онлайн-координациялык жыйындын жүрүшүндө катышуучулар долбоордун милдеттерин, иш пландарын жана күтүлүп жаткан натыйжаларды талкуулап, такташат.

«E-Quality: социалдык жана финансылык инклюзия жана гендердик тең укуктуулук үчүн санариптик билим берүү” долбоору Евросоюз тарабынан каржыланат. Евросоюздун каржылоосу 900 000 еврону түзөт. Долбоордун мөөнөтү 30 ай.

Долбоор тууралуу кошумча маалыматты +996708518081 телефону, e-mail: inaqa.publicfoundation@yandex.ru аркылуу алса болот.

Файлды кочуруу