2021-жылдын 2-августунда «Неофит Рилски» Түштүк-Чыгыш университетинин доктору Мария Станкова “Сапат стандарттары: мааниси жана колдонуу”, “Сапатты баалоонун өзгөчөлүктөрү” жана “Сапатты камсыздоодогу алдыңкы тажрыйбалар” темаларында мейман лекцияларын өткөрдү. Бир күн бою гибрид форматында доктор Станкова сапатты камсыздоо жаатындагы дүйнөлүк тенденциялар, сапат стандарттарынын принциптери, стандартташтыруу боюнча эл аралык уюмдар, сапатты баалоонун индикаторлору жана ыкмалары жөнүндө айтып берди, ошондой эле болгариялык кесиптештеринин тажрыйбасы менен бөлүштү.
Лекциянын катышуучулары кызыккан темалар боюнча суроолорду берип жана талкуулашты.