E-QUALITY – Социалдык жана каржылык инклюзия жана гендердик

тең укуктуулук үчүн санариптик билим берүү

RG.RU - Жумушчу колун алдын ала даярдагыла

Эмгек миграциясы бүт дүйнөнү каптады. 2020-жылы 280 миллиондон ашык адам жумуш үчүн өз өлкөлөрүн таштап кетишти, ал эми он жети жыл мурун алардын саны 173,5 миллион адам болгон. Жана, мындай көрүнүштү изилдөөчүлөр бул тенденция өсөт деп айтышууда.

Миграция кызматкерлерге да, иш берүүчүлөргө да жаңы көйгөйлөрдү жаратат. Бул тууралуу жакында Бишкекте өткөн “Кыргызстандагы жаш мигранттардын финансылык, социалдык жана санариптик инклюзия жана гендердик теңчилик саясатын илгерилетүү” аттуу эл аралык конференциянын катышуучулары айтып беришти. Кызыккан өлкөлөрдүн жана жеке адамдардын баарлашуусунда көтөрүлгөн маселелердин актуалдуулугун боюнча карасак, бул Евросоюздун колдоосу менен «E-QUALITY» долбоорунун алкагында уюштурулган пандемия учурунда өлкөдөгү биринчи ири иш-чара болуп саналат.

Статистикалык маалыматтарга караганда, республиканын бир миллиондон ашык жараны чет жерде жүрүшөт. Кыргызстандыктар мобилдүүлүгү жана жаратмандыгы менен айырмаланат, алар тынымсыз жаңы эмгек рынокторун издешип жана өздөштүрүп жатышат. Кыргыз Республикасынын үч пилоттук аймагында - Ысык-Көл, Ош облустарында жана Ош шаарында жүргүзүлгөн изилдөөлөр көрсөткөндөй, мамлекетибизде экономикалык кризис тереңдеген сайын иштөө үчүн башка жактарга кетүүнү каалагандардын саны өсүүдө. Ата-энесинин, бир туугандарынын жоопкерчилигин аң-сезимдүү түрдө моюнуна алган жаштардын арасында мотивация өзгөчө күчтүү. Көпчүлүк учурда эмгек мигранты үй-бүлөнү жалгыз багат.

 «Ошол эле учурда, сурамжылоо көрсөткөндөй, чет жакка жумушка кетүүнү пландагандардын басымдуу көпчүлүгү кете турган мамлекеттин эмгек жана миграция мыйзамдары менен тааныш эмес» - дейт долбоордун эксперттик тобунун жетекчиси Светлана Сирмбард.  Көпчүлүк мигранттардын ишкерлик жөндөмү, финансылык сабаттуулугу жок, тил билүүсү начар, билими жетишсиз. Эреже катары, мындай адамдар жакындарынын жана тааныштарынын сөздөрүнө таянып маанилүү чечимдерди кабыл алышат. Алардын арасында рыноктун керектөөлөрүн, бош орундарды, талаптарды, башка мамлекеттин мыйзамдарын алдын ала билип, эмгек миграциясына толук даяр болгондор өтө аз кездешет.

Бирок, ошого карабастан тоолуу республиканын тургундарын бугунку кундө дуйнөнүн бардык булуң-бурчтарынан кезиктируугө болот. Туура жана туура эмес ар кандай жолдор менен Америка Кошмо Штаттарына, Түштүк Кореяга, Түркияга, Бириккен Араб Эмираттарына жана башка чет мамлекеттерге кетип жатышат. Көптөгөндөр Европага баргысы келет. Демек, дүйнөнүн төрт бурчунан миллиондогон эмгек мигранттары иштеген Евросоюзунун өлкөлөрүнүн тажрыйбасы Кыргызстандын миграция тармагында иштеген коомдук уюмдарына, чиновниктерге, келечектеги кадрларды даярдап жаткан окуу жайлардын жетекчилерине пайдалуу.

 

Маалымат булагы: Российская газета

Шилтеме: https://rg.ru/2021/12/15/migrantam-iz-kirgizii-pomogut-zaniat-nishu-na-mirovom-rynke-truda.html