E-QUALITY – Социалдык жана каржылык инклюзия жана гендердик

тең укуктуулук үчүн санариптик билим берүү

Kabar.kg - "E-QUALITY" долбоору Кыргызстанда. Максаттар жана жыйынтыктар

Бишкек, 18.05.23. /Кабар/. Бүгүн, 18-майда "Кабар" маалымат агенттигинде Европа Биримдигинин тышкы ишмердүүлүк программасынын жана Кыргызстандагы ЕБ өкүлчүлүгүнүн каржылоосунда ишке ашырылып жаткан "E-QUALITY - Социалдык жана финансылык интеграция жана гендердик теңчилик үчүн санариптик билим берүү" долбоору боюнча маалымат жыйын өттү.

Анда спикерлер долбоордун максаты, натыйжалары жана жыйынтыктары тууралуу айтып беришти.

"E-QUALITY" долбоорунун координатору Болгариянын билим берүү, илим жана маданият палатасынын өкүлү Преслав Димитров белгилегендей, команда кыргыз мигранттарынын каржылык билимин жогорулатууга жана санариптик билимге ээ болууга жардам берген системаны түзө алышты.

Анын айтымында, "E-QUALITY" - социалдык жана финансылык инклюзия жана гендердик теңчилик үчүн санариптик билим берүү" долбоору өз ишин 2021-жылы баштаган жана долбоорду ишке киргизүү үчүн үч пилоттук аймакты аныктаган: Ош, Нарын жана Ысык-Көл облустары.

Долбоордун максаты социалдык интеграциянын туруктуу моделин түзүү жана илгерилетүү жолу менен Кыргызстандагы жаш мигранттар жана квалификациясы төмөн аялдар сыяктуу социалдык аялуу топтордун арасында санариптик сабаттуулуктун, ишкердүүлүктүн жана лидерликтин жаңы көндүмдөрүн өнүктүрүү болуп калды.

"Биз Кыргызстандагы мигранттардын муктаждыктарын изилдедик, окутуу үчүн модулдарды түздүк, андан кийин алар сертификат ала алышат", - деди Димитров.

"E-QUALITY" долбоорунун эксперттик тобунун жетекчиси, Адам университетинин ректору Светлана Сирмбард белгилегендей, мигранттардын билимге болгон муктаждыгынын өзгөчөлүгү – окуу менен жумушту айкалыштырууга мүмкүндүк берген ыңгайлуу шарт түзүү.

"Азыр долбоор 15 модулдан турат. Аны сиздер платформадан көрө аласыздар. Мындан тышкары, санарип шаймандардын артында AcademyInAQA академиясынын электрондук платформасын жана кибер-жардамчыны жайылтуу менен мобилдик тиркемени ишке киргизе алдык.

Анын өзгөчөлүгү катышуучуларга күнү-түнү консультация бере аларында, башкача айтканда катышуучулар билим алууда өздөрүн эч качан жалгыз сезишпейт. Каалаган убакта – суткасына 24 саат, жумасына 7 күн – алар кибер-жардамчы – жасалма интеллект түрүндөгү колдоого ээ, ар дайым жардам берүүгө даяр", - деди Сирмбард.

Студенттер үчүн бардык типтеги түзүлүштө: компьютерде, планшетте, смартфондо иштөө ыңгайлуу. Ошентип, 2023-жылдын 1-мартына карата 1697 адам окууга жигердүү катышып, сунушталган окуу модулдары боюнча өз көндүмдөрүн баалоодо жана өздөрүнө ыңгайлуу убакта окуудан өтүүдө.

КР Билим берүү жана илим министрлигинин башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Гүлнура Мамырова кошумчалагандай, бул долбоор катышуучуларга заманбап дүйнөдө акча табуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жардам берет.

"КР Билим берүү министрлигинин колдоосу менен Ош шаарындагы №113, Нарын облусунун Кара-Тоо айылындагы №15 жана Каракол шаарындагы №14 кесиптик лицейлерде Мигранттарды колдоо борборлорун ачтык. Долбоор электрондук окутуучу микрокурстарды түзүү боюнча борборлорду методикалык сунуштар менен этап-этабы менен жабдууну, эмгек мигранттары үчүн зарыл болгон санариптик жана финансылык сабаттуулук жана башка негизги көндүмдөр боюнча окутуучу модулдары бар InAQA Academy электрондук окутуу платформасына жана баалоочу материалдарды, виртуалдык лабораторияларды, видеоматериалдарды, видеосурстарды ж. б. түзүү үчүн санариптик инструменттерге жетүүнү сунуштайт. Бул борборлордун мындан аркы иштеши үчүн iSpring, Zoom, Prezi жана Canva программаларына лицензиялар да берилди", - деди ал.

 

Маалымат булагы: Kabar.kg

Шилтеме: http://kg.kabar.kg/news/e-quality-dolbooru-kyrgyzstanda-maksattar-zhana-zhyiyntyktar/