E-QUALITY – Социалдык жана каржылык инклюзия жана гендердик

тең укуктуулук үчүн санариптик билим берүү

Kaktus.media - Билим берүү уюмдары жана лицейлер мигранттарды санариптик сабаттуулукка үйрөтөт.

2023- жылдын 20 февралынан 11мартына чейин Бишкек шаарында, Ош жана Ысык- Көл областарында үч күндүк семинар болуп өттү.Анын максаты санариптик, коммуникациялык жана кесиптик көндүмдөрүн иштеп чыгуу,колдоо жана өнүктүрүү үчүн методологиялык жана эксперттик базаны түзүү болгон.

Семинарга башталгыч билим берүү уюмдардын  жана кесиптик лицейлердин  120 ашык өкүлдөрү катышышты. Тренинг бүткөн кийин катышуучуларга лицензия тапшырылды.Ошондой эле  алар насаатчы катары жергиликтүү деңгээлде билим берүү укугуна ээ болгон.

Андан кийин жаш мигранттардын санариптик, коммуникативдик жана кесиптик көндүмдөрүн өнүктүрүү үчүн усулдук жана эксперттик базасы  түзүлөт.Долбоордун алкагында онлайн- семинарга  катышууга болот.Долбоор өлкөнүн бардык аймактарынан катышуучуларды тартууну пландаштырууда.

Семинар алкагында санариптик көндүмдөрүнө жараша катышуучуларды  топторго бөлүштү. Окутуунун бардык мезгилинде өздөрү катталган AcademyInAQA электрондук платформасында иштегенди үйрөнүштү.  Бул платформадан 600 ашык адам онлайн-курстан билим алышты. Canva, Prezi Powtoon программалары жана тексттик редакторлор, презентациялар жана таблицалар менен иштешип, LMS (Learning Management System), электрондук окутуу платформасы, билим берүү уюмдарда   ChatGPT ( жасалма интеллекттин негизиндег чат - бот) пайдалануу мүмкүнчүлүктөрү, тесттик тапшырмаларды түзүү боюнча программалык камсыздоонун иши менен таанышып, "Предпринимательство" микрокурстан окушту.

Аталган семинарлар «E-QUALITY – социалдык жана финансылык интеграция жана гендердик теңчилик үчүн санариптик билим берүү»долбоорунун алкагында өтүп, Евробиримдиктин тышкы иш-чаралар программасы жана Кыргызстандагы  European Union in Kyrgyzstan өкүлчүлүгүн каржылоосу  менен ишке ашырылды

Каалоочулардын баары финансылык жана компьютердик сабаттуулук боюна Academy InAQA https://academy.inaqa.com/ электрондук платформасынан онлайн- окутуудан өтүп, сертификатка ээ болушат.  Кошумча маалыматты  +996 708 51 80 81.телефону аркылуу алса болот.