E-QUALITY – Социалдык жана каржылык инклюзия жана гендердик

тең укуктуулук үчүн санариптик билим берүү

Санариптик келечек үчүн негизги көндүмдөр: КРнын эмгек мигранттарынын потенциалын жогорулатуу

Санариптештирүү Кыргыз Республикасындагы Евробиримдик үчүн приоритеттүү маселелердин бири болуп саналат.

Бүгүн Евробиримдиктин «E-Quality» долбоорунун алкагында «Санариптик келечек үчүн негизги көндүмдөр: КРнын эмгек мигранттарынын потенциалын жогорулатуу» конференциясы болуп өттү.

Конференцияга Болгариянын жана Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын, кесиптик коомчулуктарынын, билим берүү уюмдарынын, эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү катышты.

«E-Quality» - Социалдык жана финансылык инклюзия жана гендердик теңдик үчүн санариптик билим берүү» Кыргыз Республикасындагы социалдык аялуу топтордун арасында санариптик сабаттуулукту, ишкердикти жана лидерликти өнүктүрүүгө багытталган.