E-QUALITY – Социалдык жана каржылык инклюзия жана гендердик

тең укуктуулук үчүн санариптик билим берүү

«Кыргыз Республикасындагы эмгек мигранттарынын потенциалын жогорулатуу» темасында изилдөө конкурсу

Болгариянын Билим берүү, илим жана маданият палатасы жана «InAQUA» коомдук фонду тарабынан Европа Союзунун каржылык колдоосу менен ишке ашырылып жаткан «E-QUALITY – социалдык жана финансылык инклюзия жана гендердик тең укуктуулук үчүн санариптик билим берүү» долбоору суб-контракттын шарттарында “Кыргыз Республикасындагы эмгек мигранттарынын потенциалын жогорулатуу” темасында изилдөө жүргүзүү үчүн өкмөттүк эмес уюмдардын (НПО) арасында конкурс жарыялайт.

Конкурстун максаты аналитикалык отчетторду иштеп чыгуу жана жазуу боюнча тажрыйбасы бар өкмөттүк эмес уюмдарды (НПО) тандоо болуп саналат.

Конкурс тууралуу толук маалымат бар сайт: www.equality.inaqa.com

Конкурс 2022-жылдын 01-октябрынан 12-октябрына чейин өткөрүлөт.

Өтүнүчтөр (заявка) кагаз жана/же электрондук түрдө 2022-жылдын 14-октябры саат 16:00гө чейин кабыл алынат (почта аркылуу жөнөтүлгөн каттар 2022-жылдын 14-октябрдын саат 16:00гө чейин долбоордук кеңсеге жеткирилиши керек)

Дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Чүй проспектиси 164 а, бөлмө. 408/1, КФ "ИнАКВА" же электрондук дарекке: inaqa.publicfoundation@yandex.ru.

Маалымат үчүн телефон: (+996-708) 51-80-81 Нуркыз Сүйөркулова.