E-QUALITY – Социалдык жана каржылык инклюзия жана гендердик

тең укуктуулук үчүн санариптик билим берүү

Кичи грант сынагы

Болгариянын Билим берүү, илим жана маданият палатасы жана ИнАКВА коомдук фонду тарабынан Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен ишке ашырылган “E-QUALITY – социалдык жана финансылык инклюзия жана гендердик тең укуктуулук үчүн санариптик билим берүү” ишкердикти санариптик өнүктүрүү максатында 5000ден 10000 еврого чейинки суммадагы чакан гранттар сынагын жарыялайт.
Сынактын максаты жаш эмгек мигранттарын, анын ичинде квалификациясы төмөн жаш аялдарды бизнес-идеяны түзүүдө жана санариптик ишкердик көндүмдөрүн өнүктүрүүдө колдоо көрсөтүүчү инструменттерди аныктоо жана иштеп чыгуу болуп саналат.
Сынак камтуучу маселелер:

  • эмгек мигранттарынын жана мекендештердин, анын ичинде квалификациясы төмөн жаш кыз-келиндердин чакан бизнесин өнүктүрүү боюнча демилгелерине финансылык колдоо көрсөтүү;
  • долбоордун окутуу борбору аркылуу эмгек мигранттарынын жана мекендештердин, анын ичинде квалификациясы төмөн жаш аялдардын санариптик, финансылык жана ишкердик көндүмдөрүн өнүктүрүү.

Сынакка байланыштуу толук маалымат бул жерде «Сынактын жобосу», техникалык тапшырма.

Сынак 2022-жылдын 26-декабрынан 2023-жылдын 25-январына чейин созулат.

Арыздар кагаз жана/же электрондук түрдө 2023-жылдын 25-январында саат 14.00гө чейин кабыл алынат (почта аркылуу жөнөтүлгөн каттар 2023-жылдын 25-январын кошо алганда саат 14.00гө чейин долбоордук кеңсеге жеткирилиши керек)

дареги боюнча: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Чүй проспектиси 164 а, бөлмө. 408/1, КФ "InAQUA" же электрондук почта аркылуу: inaqa.publicfoundation@yandex.ru.

Сурап ​​билүү телефону: (+996-708) 51-80-81 Нуркыз Суеркулова, (+996-708) 24-24-01 Нургүл Абдрасулова