E-QUALITY – Социалдык жана каржылык инклюзия жана гендердик

тең укуктуулук үчүн санариптик билим берүү

Тегерек стол: «Эмгек мигранттарынын потенциалын жогорулатуу жана квалификацияларды таануу: көйгөйлөр, инструменттер, чечүү жолдору»

2021-жылдын 26-октябрында International Agency of Quality Assurance (InAQA)      «E-QUALITY» социалдык жана финансылык инклюзия жана гендердик тең укуктуулук үчүн санариптик билим берүү» биргелешкен долбоорунун алкагында «Эмгек мигранттарынын потенциалын жогорулатуу жана квалификацияларды таануу: көйгөйлөр, инструменттер, чечүү жолдору» атуу тегерек столун уюштурду. Тегерек стол онлайн режиминде өтүп, ага үч өлкөнүн: Болгариянын, Россиянын жана Кыргызстандын өкүлдөрү катышты.

Тегерек столдун максаты региондук эмгек рыногундагы өзгөрүүлөргө байланыштуу Кыргыз Республикасынын эмгек мигранттары үчүн жаңы милдеттерди талкуулоо болду.

Жолугушууну Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин элчисинин кеңешчиси Э.Кыштобаев, Социалдык жана каржылык инклюзия жана гендердик тең укуктуулук  E-QUALITY долбоорунун координатору П.Димитров Болгариялык билим берүү, илим жана маданият палатасы (София), Рестораторлор жана мейманканачылар федерациясынын председатели (Москва), экономика илимдеринин доктору Бухаров И. ачышты.

 «E-QUALITY» долбоорунун улуттук координатору (Бишкек) Н.Сүйөркулова долбоор, анын максаттары жана милдеттери тууралуу баяндады. «E-QUALITY» долбоорунун эксперттик тобунун жетекчиси, Адам университетинин ректору (Бишкек) С.Сирмбард Кыргыз Республикасынын эмгек мигранттарынын негизги жана кесиптик көндүмдөрүн өнүктүрүү зарылдыгын изилдөөнүн негизги жыйынтыктары менен тааныштырды.

Тегерек столдун жүрүшүндө талкуу аянтчасы уюштурулду. Кесиптик квалификация боюнча советтин председателинин орун басары Е.Демченкого (Москва) сөз берилди. Россия Федерациясында тармактык квалификациялык системаларды жана кесиптик стандарттарды өнүктүрүүгө байланыштуу эмгек мигранттарына коюлган талаптардын өзгөрүшү, ошондой эле сертификациялоо маселелери талкууланды. Санкт-Петербург мамлекеттик экономика университетинин Эл аралык изилдөөлөр жана долбоорлор борборунун директору, экономика илимдеринин доктору  Е.Васильева  дүйнөдө болуп жаткан өзгөрүүлөр, билим берүүдөгү стандартташтыруу жана сертификациялоодо кандай өзгөртүүлөр талап кылынары тууралуу айтты.

Бул жолугушуу жаңы идеяларды талкуулоо жана мындан аркы жемиштүү иш үчүн байланыштарды түзүү менен жыйынтыкталды.