E-QUALITY – Социалдык жана каржылык инклюзия жана гендердик

тең укуктуулук үчүн санариптик билим берүү

“Кыргызстандагы жаш мигранттардын каржылык, социалдык жана санариптик инклюзия жана гендердик тең укуктуулук саясатын илгерилетүү” эл аралык конференциясы

25.11.2021 жылы Европа Союзунун колдоосу менен Сапатты камсыздоо боюнча Эл аралык бюро ИнАКВА, Билим берүү, илим жана маданият Болгария палатасы менен биргеликте Кыргыз Республикасында ишке ашырылып жаткан «E-QUALITY- Социалдык жана финансылык инклюзия жана гендердик тең куктуулук үчүн санариптик билим берүү» долбоорунун алкагын “Кыргызстандагы жаш мигранттардын финансылык, социалдык жана санариптик инклюзия жана гендердик тең укуктуулук саясатын илгерилетүү” эл аралык конференциясын өткөрөт.

Долбоор үч пилоттук региондун - Ысык-Көл, Нарын жана Оштун жаш мигранттарынын калктын аялуу топторунун арасында санариптик жана финансылык сабаттуулукту, ишкердүүлүктү, лидерликти өнүктүрүүгө багытталган. Конференциянын максаты - региондук эмгек рыногундагы өзгөрүүлөргө байланыштуу Кыргыз Республикасынын жаш эмгек мигранттары үчүн жаңы кыйынчылыктарды талкуулоо, катышуучулардын ортосунда чет элдик өнөктөштөрдүн мыкты тажрыйбаларын колдонуу боюнча маалымат алмашуу жана социалдык, билим берүү саясатын алдыга жылдыруу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу, жаш мигранттардын аялуу топтору үчүн финансылык жана социалдык инклюзияны жана гендердик теңчиликти колдоо жана илгерилетүү.