E-QUALITY – Социалдык жана каржылык инклюзия жана гендердик

тең укуктуулук үчүн санариптик билим берүү

Эл аралык мигранттар күнү

Бүгүн 18-декабрь Мигранттардын эл аралык күнү. 2000-жылдын 4-декабрында Бириккен улуттар уюмунун Башкы ассамблеясы 18-декабрды мигранттардын ролун жана коомго кошкон салымын таануу күнү деп жарыялаган. 1990-жылдын ушул күнү Генералдык Ассамблея бардык эмгек мигранттарынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн укуктарын коргоо боюнча эл аралык конвенцияны кабыл алган.

Бүгүнкү күндө мигранттардын укугун коргоо маселеси эң курч. Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) маалыматтары боюнча, 2020-жылы 281 миллионго жакын адам эл аралык мигранттар болгон, бул дүйнө калкынын 3,6% түзөт.

«E-QUALITY» долбоорунун максаттарынын бири жаш мигранттар арасында жаңы санариптик сабаттуулукту, ишкердикти жана лидерлик сапаттарды өнүктүрүү болуп саналат.