E-QUALITY – Социалдык жана каржылык инклюзия жана гендердик

тең укуктуулук үчүн санариптик билим берүү

Эл аралык конференция бүгүнкү күндө эң кызуу талкууланган маселелердин бирине арналган

25.11.2021 жылы оффлайн жана онлайн форматында “Кыргызстандагы жаш мигранттардын финансылык, социалдык жана санариптик инклюзия жана гендердик тең укуктуулук саясатын илгерилетүү” эл аралык конференциясы болуп өттү. Конференция Европа Союзунун колдоосу менен Сапатты камсыздоо боюнча Эл аралык бюро ИнАКВА, Билим берүү, илим жана маданият Болгария палатасы менен биргеликте Кыргыз Республикасында ишке ашырылып жаткан «E-QUALITY- Социалдык жана финансылык инклюзия жана гендердик тең куктуулук үчүн санариптик билим берүү» долбоорунун алкагында өткөрүлдү.

Конференцияны Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Н.Базарбаев, жаштар, дене тарбия жана спорт боюнча  мамлекеттик агенствонун директорунун орун басары С. Надырбеков, Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы жана Армениядагы Элчилигинин Өзгөчө жана Атайын укуктуу Элчисинин кеңешчиси (Москва ш.) Э.Кыштобаев, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Жогорку билим берүү жана орто кесиптик билим берүү башкармалыгынын адиси  Д. Алибаева,  «E-QUALITY - Социалдык жана финансылык инклюзия жана гендердик теңчилик үчүн санариптик билим берүү», долбоордун координатору, Болгариянын Билим берүү, илим жана маданият палатасынын (София) өкүлү,  профессор П. Димитров жылуу сөздөр менен ачышты.

Долбоордун эксперттик тобунун жетекчиси С.Р.Сирмбард «E-QUALITY» долбоорунун максаттары жана милдеттери тууралуу сөз сүйлөдү.

Конференцияда кызыктуу жана актуалдуу докладдар жасалды:

 «Россия Федерациясында чет элдик жарандарды ишке орноштуруу мүмкүнчүлүктөрү» - И. Панченко, «Ленинград областтык соода-өнер жай палатасы» бирикмесинин (Санкт-Петербург) улук вице-президенти, аткаруучу директору;

«Болгарияда эмгек мигранттарынын адаптация жана квалификациясын таануу тажрыйбасы» - П Димитров, проф. Түштүк-Батыш “Neofit Rilski”университетинин (София) «Экономика» факультетинин доктору;

“Латвиядагы жаш мигранттардын көндүмдөрүн өнүктүрүү жана квалификациясын таануу ыкмалары” - М.Гунаре, профессор, Эл аралык Балтика академиясынын Туризм программасынын директору (Рига);

 «Жаңы кесиптер жана кесиптик стандарттарды иштеп чыгуу» - Е.Васильева, Экономика илимдеринин доктору Санкт-Петербург мамлекеттик экономикалык университетинин Эл аралык изилдөөлөр жана долбоорлор борборунун директору (Санкт-Петербург);

«Кыргыз Республикасындагы Улуттук квалификациялык системанын элементтерин иштеп чыгуу тажрыйбасы жөнүндө» - Н.Атаканов, АБР «Инклюзивдик өсүү көндүмдөрү» долбоорунун менеджери (Бишкек ш.);

«Россия Федерациясында тармактык квалификациялык системаларды жана кесиптик стандарттарды өнүктүрүүгө байланыштуу эмгек мигранттарына талаптардын өзгөрүшү жөнүндө» - Е.Демченко,  Кесиптик квалификациялар кеңешинин төрагасынын орун басары (Москва шаары);

“Туризм жана меймандостук индустриясында кадр потенциалын өнүктүрүү: Москва мамлекеттик спорт жана туризм университетинин жаш мигранттар жана чет өлкөлүк жарандар үчүн билим берүү программалары» - А. Коршунов, социология илимдеринин кандидаты, доцент, Спорт жана туризм университетинин «Туризм» кафедрасынын башчысы (Москва);

 «Ийгиликтүү ишке орношуу жана мигранттардын социалдык адаптацияланышы үчүн «жашыл» көндүмдөрдүн мааниси» - А.Кириленко, ЭД «БИОМ»  аткаруучу директору, ЕБ «Климаттын өзгөрүшүнө жаштардын туруктуулугу» долбоорунун координатору (Бишкек);

 Электрондук курстардын презентациясы- К.Атабаева, «Борбордук Азия өнүктүрүү жана изилдөө борбору» Коомдук фондусунун менеджери.

Конференциянын расмий бөлүгү аяктагандан кийин катышуучулар байланыш контакттары жана кызматташуу үчүн информация жана идеялар менен алмашышты.