E-QUALITY – Социалдык жана каржылык инклюзия жана гендердик

тең укуктуулук үчүн санариптик билим берүү

Миграцияда жүргөн же келечекте миграцияны пландап жаткан жаштар үчүн сурамжылоо

Урматтуу достор!

Кыргыз Республикасындагы Европа Биримдигинин колдоосу менен ишке ашырылып жаткан "E-QUALITY" Социалдык жана каржылык инклюзия жана гендердик тең укуктуулук үчүн санариптик билим берүү жаңы долбоордун алкагында жаш мигранттарга бекер билим алууга мүмкүндүк берүүчү окуу курстары жана материалдар иштелип чыгууда. Ал курстар санариптик куралдардын жардамы аркылуу жаш мигранттарга иштөө режимине жана жерине карабастан эмгек рыногу талап кылган квалификацияларга, актуалдуу көндүмдөргө жана сертификаттарга ээ болууга мүмкүнчүлүк түзөт.

Бул куралдар сизге мүмкүн болушунча пайдалуу жана ыңгайлуу болушу үчүн, эмгек миграциясында жүргөн же келечекте миграцияны пландап жаткан жаштар үчүн сурамжылоону (https://docs.google.com/forms/d/e/1FAIpQLScpiFGfJ0ij9QJ8pre62FrCPSTV3N-W9aY0wRayJx7rOG_EDQ/viewform) толтурууну суранабыз.