E-QUALITY – Социалдык жана каржылык инклюзия жана гендердик

тең укуктуулук үчүн санариптик билим берүү

Каракол жана Нарын шаарында мигранттарды колдоо Борборунун ачылышы

Каракол шаарында жана Нарын областынын  Кара Тоо айылында мигранттарды колдоо Борбору ачылды.

 «E-Quality» -санариптик билим берүү  социалдык жана финансылык интеграциялар жана гендердик теңчилик үчүн санариптик билим берүү» долбоорунун алкагында  Каракол шаарынын№14 жана Нарын областынын Кара Тоо айылынын №15 кесиптик лицейлеринде КР Билим берүү жана илим министрлигинин колдоосу менен мигранттарды колдоо Борбору ачылды. Ал Евробиримдиктин тышкы иш-чаралар программасы жана   European Union in Kyrgyzstan  Өкмөтүнүнүн каржылоосу  менен ишке ашырылды.

Бул долбоор  ачылган  борборлорду этап-этабы менен электрондук окутуу микроресурстарын түзүү боюнча методикалык сунуштар менен жабдууну, эмгек мигранттары үчүн зарыл болгон башка негизги көндүмдөрдү жана баалоо материалдарын,виртуалдык лабораторияларды, видеолорду, видеокурстарды ж.б. түзүү үчүн санариптик инструменттерди, санариптик жана финансылык сабаттуулук боюнча 15ашык окуу модулдары бар InAQA Academyнын электрондук окутуу платформасынына кирүүнү сунуштайт.

 Борбордун ачылышында долбоордун максаты жана  масалелери,InAQA Academy электрондук окутуу платформасы, кесиптик окутуу үчүн мигранттарды колдоо борборунун максаты жана маселеси көрсөтүлгөн.Ошондой эле  борборлордун мындан аркы  иши үчүн iSpring, Zoom, Prezi и Canva программалык камсыздоолорго лицензиялар тапшырылды.