E-QUALITY – Социалдык жана каржылык инклюзия жана гендердик

тең укуктуулук үчүн санариптик билим берүү

Окутуу турунун алкагында семинардын биринчи күнү

Европа Союзунун тышкы аракеттер программасы жана Кыргыз Республикасындагы Европа Союзунун  Өкүлчүлүгү тарабынан каржыланган «E-Quality» -  Социалдык жана финансылык инклюзия жана гендердик тең укуктуулук үчүн санариптик билим берүү долбоорунун алкагында уюштурулган семинардын биринчи күнү өткөрүлдү. 

Болгариянын кесиптик билим берүү системасы аркылуу эмгек мигранттарын окутуу жаатында тажрыйба алмашуу боюнча семинарды Болгария Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары Мариета Георгиева ачты.

Алгач сөздү Болгариянын Билим берүү жана илим министрлигинин Кесиптик-техникалык билим берүү жана окутуу башкармалыгынын мамлекеттик эксперти Жулиян Гочев алып, кесиптик билим берүүнүн жана окутуунун, үзгүлтүксүз билим берүүнүн жана чоңдорду окутуунун саясаты жана функцияларына токтолду.

Кийинки сөздү Кесиптик билим берүү жана окутуунун улуттук агенттигинин  (КБОУА) "Кесиптик квалификация жана лицензиялоо" башкармалыгынын башкы эксперти, доктор Ирина Димитрова алды, ал негизги иш-чараларды ишке ашыруу боюнча КБОУАнын функцияларына токтолуп, кесиптик билим берүү жана окутуу системасы үчүн инструменттерди иштеп чыгуу жана колдоо боюнча доклад жасады.

 

КБОУА түзүлүшүнүн башталышында турган Болгариянын Эразмус+  - Адам ресурстарын өнүктүрүү борборунун кесиптик билим берүү жана окутуу тармагындагы улуттук эксперти, инженер Эмилияна Димитрова Болгариянын кесиптик билим берүү жана окутуу боюнча тажрыйбасы жана келечеги жөнүндө айтып берди.

Семинардын жыйынтыгында Министрлер Кеңешине караштуу качкындар иштери боюнча Мамлекеттик агенттиктин улук эксперти Калина Йотова  агенттиктин ишмердүүлүгү, мыйзамдык базасы жана качкын балдарды жана камкорчусу жок качкын балдарды окутуунун жетишкендиктери, көйгөйлөрү жана келечеги тууралуу айтты.

Семинар докладдарды талкуулоо менен аяктады. Семинардын болгариялык жана кыргызстандык катышуучулары эки республикада билим берүүнүн жана окутуунун актуалдуу проблемалары боюнча да, социалдык жактан корголбогон жарандар менен иштөөдөгү көйгөйлөр жана перспективалар боюнча да активдүү пикир алмашышты.