E-QUALITY – Социалдык жана каржылык инклюзия жана гендердик

тең укуктуулук үчүн санариптик билим берүү

Сиздерди эл аралык конференцияга катышууга чакырабыз

Сиздерди “Жаш эмгек мигранттарынын өнүгүү вектору: санариптик көндүмдөр жана финансылык сабаттуулук” аттуу эл аралык конференцияга катышууга чакырабыз.

Европа Союзунун колдоосу менен ишке ашырылып жаткан “ Социалдык жана финансылык инклюзия жана гендердик тең укуктуулук үчүн санариптик билим берүү”  долбоору, сиздерди “Жаш эмгек мигранттарынын өнүгүү вектору: санариптик көндүмдөр жана финансылык сабаттуулук" аттуу эл аралык конференцияга катышууга чакырабыз.

Конференция 2022-жылдын 1-декабрында онлайн жана оффлайн режиминде өткөрүлөт.

Төмөнкү секцияларга катыша аласыздар:

  • №1 секция. Кыргыз Республикасынын эмгек мигранттарынын потенциалын жогорулатуу: санариптик көндүмдөрдү өнүктүрүү.
  • №2 секция. Кыргыз Республикасынын эмгек мигранттарынын потенциалын жогорулатуу: финансылык жана ишкердик көндүмдөрдү өнүктүрүү.

Каттоо мөөнөтү 2022-жылдын 20-ноябры, саат 00:00 чейин. 21.11.2022 ж. - 27.11. 2022 ж.  чейин катышуу форматын тастыктоо