E-QUALITY – Социалдык жана каржылык инклюзия жана гендердик

тең укуктуулук үчүн санариптик билим берүү

Сиздерди эл аралык конференцияга катышууга чакырабыз (25.11.2021)

МААЛЫМАТ КАТЫ

Урматтуу кесиптештер!

Сиздерди эл аралык конференцияга катышууга чакырабыз:

«Кыргызстандагы жаш мигранттардын финансылык, социалдык жана санариптик инклюзия жана гендердик тең укуктуулук саясатын илгерилетүү»

2021-жылдын 25-ноябры Сапатты камсыздоо боюнча Эл аралык бюро InAQUA, Болгариянын Билим берүү, илим жана маданият палатасы менен биргеликте Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан Социалдык жана каржылык инклюзия жана гендердик тең укуктуулук үчүн санариптик билим берүү E-QUALITY долбоорунун алкагында  Кыргыз Республикасында Евросоюздун колдоосу менен “Кыргызстандагы жаш мигранттардын финансылык, социалдык жана санариптик инклюзия жана гендердик тең укуктуулук саясатын илгерилетүү” деген эл аралык конференциясын өткөрүп жатат.

Кыргызстандын калкынын тышкы эмгек миграциясы бүгүнкү күндө бир жагынан өлкөнүн экономикалык туруктуулугун камсыз кылуучу, экинчи жагынан Кыргызстандын социалдык, маданий жана билим берүү чөйрөлөрү үчүн кыйынчылыктарды жаратуучу маанилүү процесстердин бири болуп саналат.

Долбоор үч пилоттук региондун:Ыссык-Көл, Нарын жана Ош областарынын жаш мигранттарынын аялуу топторунун арасында санариптик жана финансылык сабаттуулукту, ишкердүүлүктү, лидерликти өнүктүрүүгө багытталган.

Долбоордун максаттарына жетүү үчүн төмөнкүлөр каралат:

  • санариптик окутуу модулдарын иштеп чыгуу/адаптациялоо;
  • жасалма интеллекттин элементтерин колдонуу менен интерактивдүү тиркемелерди жана виртуалдык насаатчылык системаларын түзүү;
  • көндүмдөрдү сертификациялоону жана санариптик баалоо аспаптарын  иштеп чыгуу.

Бул жаш мигранттарга Кыргыз Республикасынын Улуттук квалификациялык негиздерин эске алуу менен квалификациясын жогорулатуу боюнча документтерди алууга мүмкүндүк берет жана алардын квалификациясын чет өлкөлөрдө таануу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет.

Окутуу муктаждыктарын аныктоо жана аларга билим берүүнүн санариптик инструменттерин адаптациялоо мамлекеттин социалдык жана билим берүү саясатына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү, бардык кызыккан тараптардын: мамлекеттик органдардын, иш берүүчүлөрдүн, билим берүү уюмдарынын катышуусунун ролдорун жана принциптерин өзгөртүүнү талап кылат:

Конференциянын максаты - региондук эмгек рыногундагы өзгөрүүлөргө байланыштуу Кыргыз Республикасынын жаш эмгек мигранттары үчүн жаңы чакырыктарды талкуулоо, катышуучулардын ортосунда чет элдик өнөктөштөрдүн мыкты тажрыйбаларын колдонуу боюнча маалымат алмашуу жана социалдык жана билим берүү саясатын алдыга жылдыруу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу, жаш мигранттардын аялуу топтору үчүн финансылык жана социалдык инклюзияны жана гендердик теңчиликти колдоо жана илгерилетүү.

Конференцияга Болгариянын, Латвиянын, Кыргызстандын жана Россия Федерациясынын мамлекеттик органдарынын, кесиптик коомчулуктарынын, билим берүү уюмдарынын, эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү катышат.

Өтүүчү жери: Hyatt Regency мейманканасы, Бишкек ш.,  Абдахманов көчөсү 191

Конференцияга катышууну каалагандар 2021-жылдын 23-ноябрына чейин төмөнкү байланыш даректери аркылуу катышууну ырастагыла:

e-mail: inaqa.publicfoundation@yandex.ru, телефондор жана What’sApp:

+(996)558190882, 708518081– Суеркулова Нуркыз Темиркуловна.