E-QUALITY – Социалдык жана каржылык инклюзия жана гендердик

тең укуктуулук үчүн санариптик билим берүү

Кыргызстандагы жаш мигранттардын финансылык, социалдык жана санариптик инклюзия жана гендердик тең укуктуулук саясатын илгерилетүү Видео

“Кыргызстандагы жаш мигранттардын финансылык, социалдык жана санариптик инклюзивдүүлүгү жана гендердик теңчилик саясатын илгерилетүү” эл аралык конференциясы өттү жана анын кандай болгонун эскерели!

Бир залга мамлекеттик органдардын, окуу жайлардын, эл аралык уюмдардын, жарандык коомдун өкүлдөрү чогулду.
Болгария🇧🇬, Россия🇷🇺, Латвия🇱🇻 жана Кыргызстандан🇰🇬 эл аралык эксперттер миграция, билим берүү, профессионалдык стандарттарды иштеп чыгуу, квалификациялык өзгөрүүлөр, гендердик инклюзивдүүлүк, маалымат технологиялары аркылуу мигранттарга мүмкүнчүлүктөрдү берүү темаларында баяндама жасашты.

Конференция диалогдун башталышы болду жана бул маселелерди ар кандай, анын ичинде мамлекеттик органдар менен бизнескоомчулугу тараптан кароого мүмкүндүк берди.
Биз бардык катышкандарга ыраазычылык билдиребиз жана Кыргыз Республикасында Европа Союзунун🇪🇺 колдоосу менен ишке ашырылып жаткан "E-Quality" социалдык жана финансылык инклюзия жана гендердик тең укуктуулук үчүн санариптик билим берүү долбоорунун алкагында жемиштүү кызматташууну күтөбүз.