E-QUALITY – Социалдык жана каржылык инклюзия жана гендердик

тең укуктуулук үчүн санариптик билим берүү

“NOVOTEL Bishkek City Center”отелинде Эл аралык конференция өттү

Бүгүн “NOVOTEL Bishkek City Center” отелинде  «E-QUALITY - -социалдык жана финансылык интеграция жана гендерлик тенчилик үчүн санариптик билим берүү “ долбоорунун алкагында «Санариптик көпүрөлөр: санариптик көндүмдөрдү, финансылык сабаттулукту жана лидерликти өнүктүрүү аркылуу эмгек  мигранттарынын потенциалын жогорулатуу»  темасында Эл аралык конференция өттү.

Бул конференция Евробиримдиктин тышкы иш-чаралар программасынын жана Евробиримдиктин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүн каржылоо менен ишке ашырылат.  

    Конференциянын максаты -мигранттардын санариптик көндүмдөрүн, финансылык сабаттуулугун жана лидерлик  сапаттарын жогорулатуу үчүн “E-QUALITY”долбоору тарабынан түзүлгөн инновациялык санарип куралдарын талкулоо жана көрсөтүү үчүн эксперттеди, практиктерди жана кызыктар  тараптарды бириктирүү болуп саналат.

   Конференция катышуучулардын ортосундагы диалогду, тажрыйба алмашууну жана

кызматташууну жандандыруу, эмгек мигранттарын камтуу үчүн мыкты тажрыйбалар боюнча билимдерин кеңейтүү жана бул жаатта   натыйжалуу саясатты, тажрыйбаны иштеп чыгууну жана жайылтууну колдоо максатында чакырылды.

  Конференцияны Болгариянын билим берүү,илим жана маданият палатасынан, «E-Quality» долбоорунун координатору, проф,доктор Preslav Dimitrov, КР Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу,

«E-Quality долбоорунун эксперттик группасынын жетекчиси, Адам университетинин ректору Сирмбард С.Р. ачышты.

    Бирнчи сессияны E-Quality долбоорунун эксперттик группасынын жетекчиси, Адам университетинин ректору Сирмбард С.Р. ачып, өзүнүн докладында  долбоор кандайча ишке ашырылгандыгы тууралуу билдирүү жасады. E-Quality» долбоорунун координатору, проф,доктор Preslav Dimitrov  Кыргызстанда санариптик, финансылык жана кесиптик билим берүүнү жана чоңдордун окуусун илгерилетүү үчүн “E-Quality” долбоору боюнча саясий сунуштары менен бөлүштү.

  Биринчи суроо боюнча өткөн дискуссияга  КР Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу, КР Билим берүү жана илим министрлигинин башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгынын  начальниги Мамырова Г, « ИнАКВА эл аралык сапат кепилдиги боюнча эл аралык бюро» коомдук  фондунун председатели Суеркулова Н.Т, «E-QUALITY» долбоорунун улуттук кординатору Абыкеева М.А жана долбоордун эксперти А.Шайдылдаев  катышышты.

   Экинчи сессия «E-QUALITY» долбоорунун эксперттери З.Суеркулова, Ч. Иманалиева,  А.Шайдылдаев тарабынан ачылды. Алар аталган долбоордун алкагында иштелип чыккан«AcademyInAQA»  электрондук билим берүү платформаны жана мобилдик тиркемени көрсөтүштү. «AcademyInAQA» платформасында студенттерди24/7 окуу жолунда колдогон жасалма интеллектке негизделген кибер репетитор бар. Анын мүмкүнчүлүктөрү тууралуу  «GOOG» ЖЧКэксперти Ж. Жумалиева айтып берди.

    Сессия№3.Инновациялык микс:эмгек мигранттарын колдоо үчүн ар кандай санарип куралдарды көрсөтүү И. Зимина и С.Корякинанын Кыргыз Республикасынын  социалдык жактан аярлуу топтору үчүн  IT колдонуу  үчүн маалыматтык системаны иштеп чыккан

 презентациядан башталды. Ч. Чолпонбеков болсо долбоордун алкагында иштелип чыккан уз айымдардын чыгармачыл буюмдарын жайылтуу колдонгон МУРАС онлайн платформасы  менен тааныштырды.  МУРАС платформасынын кызматынан пайдаланышкан эки ишкер айым өздөрүнүн чыгарган продукциясын көрсөтүп, тажрыбайлары менен бөлүшүштү. Кыргызстандын жаштарынын  жашыл көндүмдөрдү өнүктүрүү үчүн  «Устойчивое развитие» КФэксперттери Е. Постнова жана  О. Домашова  Green Skills Lab онлайн-платформа  жөнүндө айтып беришти. Финансылык сабаттуулуктун негиздери боюнча «Бюджет билим» санариптик тренинг-оюнду иштеп чыгуучу С.Бычков  көрсөттү.Бул финансылык сабаттуулукту жогорулатууга багытталган тренинг-оюунду Шумкарбек Адилбек уулу түзгөн.

«E-Quality»долбоорунун эксперттери А. Абдымомунова жана А. Осмонова  «AcademyInAQA” платформасында жайгашкан  «Электротехник» электрондук курсун менен тааныштырышты.

Суроо жооптор боюнча панелдик талкууну Адам Университетинин ректору, «E-Quality» долбоорунун эксперттик тобунун жетекчиси С. Сирмбард өткөрдү.

Бул  «E-QUALITY – социалдык жана финансылык интеграция жана гендердик теңчилик үчүн санариптик билим берүү»долбоорунун этаптарынын   жыйынтыктоочу конференциясы. Ал Евробиримдиктин тышкы иш-чаралар программасы жана  Кыргызстандагы  European Union in Kyrgyzstan өкүлчүлүгүн каржылоосу  менен ишке ашырылды.