E-QUALITY – Социалдык жана каржылык инклюзия жана гендердик

тең укуктуулук үчүн санариптик билим берүү

Семинар «Мигранттарды окутуу жана билим берүү – улуттук квалификациялык негиздер, EQF жана кредиттерди топтоо жана которуу системалары менен ECVET, ECTS ортосундагы байланыш»

Семинар «Мигранттарды окутуу жана билим берүү – улуттук квалификациялык негиздер, EQF жана кредиттерди топтоо жана которуу системалары менен ECVET, ECTS ортосундагы байланыш».

26-июлда жана 30-июлда «E-QUALITY» долбоорунун командасы гибрид (онлайн жана оффлайн) режиминде «Мигранттарды окутуу жана билим берүү – улуттук квалификациялык негиздер, EQF жана кредитерди топтоо жана которуу системалары менен ECVET, ECTS ортосундагы байланыш» темасында Каракол жана Ош шаарларында семинарларды өткөрүштү. Семинарларды долбоордун улуттук координатору Сүйөркулова Нуркыз ачты. Евросоюздун “E-QUALITY” долбоорунун координатору, доктор Димитров Преслав, мигранттарды окутуу жана тарбиялоо, улуттук квалификациялык алкактардын EQF, ECVET, ECTS ортосундагы өз ара байланышы тууралуу айтып берди. Адам университетинин ректору, эксперттик топтун жетекчиси Сирмбард Светлана «E-QUALITY» долбоорун презентациялады.

Бул семинарларга университеттердин өкүлдөрү, адистер жана кызыккан тараптар катышып, жыйынтыгында катышуу сертификаттарын алышты.