E-QUALITY – Социалдык жана каржылык инклюзия жана гендердик

тең укуктуулук үчүн санариптик билим берүү

Санариптик сабаттуулук жана менторлорду даярдоо боюнча семинар. 2-күн

Максаты жаш мигранттардын санариптик, коммуникациялык жана кесиптик көндүмдөрүн долбоорлоо, колдоо жана өнүктүрүү үчүн усулдук жана эксперттик базаны түзүү болгон «Санариптик сабаттуулук» семинарынын алкагында, долбоордун эксперти Сүйөркулова З.Т. «Санариптик сабаттуулук» мисалында микрокурс кейсин сунуштады. Катышуучулар топторго бөлүнүшөт, алар CANVA, Prezi, Panopto программалары менен Academy InAQA электрондук билим берүү платформасында иштешет, ошондой эле долбоордун эксперттеринин жетекчилиги астында жеке жана топтук форматта техникалык жабдуулар менен иштөө технологияларын үйрөнүшөт