E-QUALITY – Социалдык жана каржылык инклюзия жана гендердик

тең укуктуулук үчүн санариптик билим берүү

Санариптик сабаттуулук жана менторлорду даярдоо боюнча семинар. 3-күн

«Санарип сабаттуулук» үч күндүк семинардын акыркы күнү тесттерди түзүү үчүн керектелген программалык камсыздоолор боюнча иш менен уланды, мында катышуучулар өздөрүнүн профессионалдык иштери үчүн тесттерди түзө алышты. Ошондой эле, эксперттер ментордун сертификатын алуу үчүн сынактан өтүү боюнча консультация өткөрүштү. Бул алардын билимдерин башкаларга берүүгө жана ментор катары иштөөгө мүмкүндүк берет. Программаны өздөштүрүү жана экзаменди ийгиликтүү тапшыруу үчүн 22-февралдан 27-февралга чейин катышуучулар AcademyInAQA платформасында онлайн режиминде жекече тапшырмаларды аткарууга мүмкүнчүлүк алышат.

Үч күндүк семинар сертификаттарды алуу жана биргелешип сүрөткө түшүү менен аяктады!