E-QUALITY – Социалдык жана каржылык инклюзия жана гендердик

тең укуктуулук үчүн санариптик билим берүү

Санариптик сабаттуулук боюнча семинар. Каракол ш. 1-күн.

Европа Биримдигинин тышкы ишмердүүлүк программасы жана Кыргыз Республикасындагы Европа Биримдигинин өкүлчүлүгү тарабынан каржыланган

«E-Quality» - Социалдык жана финансылык инклюзия жана гендердик теңчилик үчүн санариптик билим берүү" долбоорунун алкагында уюштурулган "Санариптик сабаттуулук" семинарыбыз Каракол шаарында уланууда.

 Семинар адаттагыдай эле башталды. 

"ИнАКВА сапат кепилдиги боюнча эл аралык бюро" КФнын төрайымы, «E-QUALITY»  долбоорунун улуттук координатору Суеркулова Н. Т. катышуучулар менен учурашып, "Санариптик сабаттуулук"семинарынын максаттары жана милдеттери жөнүндө айтып берди. 

Үч күндүк "Санариптик сабаттуулук" семинар кесиптик лицейлердин 30 өкүлү үчүн уюштурулган. Ысык-Көл облусу «E-Quality» долбоорунун пилоттук аймактарынын бири болуп саналат. Үч күндүн ичинде катышуучулар жаш мигранттардын санариптик, коммуникациялык жана кесиптик көндүмдөрүн колдоо жана өнүктүрүү,  методикалык жана эксперттик базаны түзүүнү долбоорлоо үчүн санариптик көндүмдөрдү үйрөнүшөт. Биринчи күнү семинардын катышуучулары санариптик жана финансылык сабаттуулук боюнча микрокурстарды үйрөнүшөт жана «AcademyInAQA» электрондук билим берүү платформасы менен таанышышат.

https://edu.gov.kg/posts/1365/