E-QUALITY – Социалдык жана каржылык инклюзия жана гендердик

тең укуктуулук үчүн санариптик билим берүү

Санариптик сабаттуулук боюнча семинар. Ош ш. 1-күн.

Тренингдин биринчи күнү Ош шаарында башталат. Семинар Европа Биримдигинин тышкы ишмердүүлүк программасы жана Кыргыз Республикасындагы Европа Биримдигинин өкүлчүлүгү тарабынан каржыланган «E-Quality»  - Социалдык жана финансылык инклюзия жана гендердик теңчилик үчүн санариптик билим берүү" долбоорунун алкагында уюштурулган. 

Кийинки үч күндө Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарындагы кесиптик лицейлердин 50дөн ашык өкүлдөрү Шанхай сити отелинин конференц-залында "Санариптик сабаттуулук"окутуу семинарынан өтүү үчүн чогулушат. 

Семинардын биринчи жарым күнү санариптик жана финансылык сабаттуулук боюнча кейстерден жана микрокурстарды долбоорлоо боюнча топтордо иштөөдөн турду, анын жыйынтыгы боюнча «E-Quality» долбоорунун эксперттеринин суроо- жооптору менен дискуссия өтөт.

 "Санариптик сабаттуулук" семинарынын биринчи күнү «Academy InAQA» электрондук билим берүү платформасында иштөө жана CANVA, Prezi, Powtoon программалык камсыздоолор менен таанышышты. Келечекте катышуучуларга микрокурстарды иштеп чыгууга жардам бере турган бул инструменттерди долбоордун эксперттери В.Мураталиева, З. Суеркулова, А. Шайдылдаев көрсөтүштү. Ошондой эле, топтук иштин аягында катышуучулар микрокурстардын модулун  түзүү боюнча өз презентацияларын сунушташты.