Бүгүн Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарынын кесиптик лицейлеринин 50дөн ашык өкүлдөрү Ош шаарында «E-Quality» долбоорунун алкагында үч күндүк "Санариптик сабаттуулук" боюнча окутуу семинарын аякташты. Социалдык жана финансылык инклюзия жана гендердик теңчилик үчүн санариптик билим берүү Европа Биримдигинин тышкы ишмердүүлүк программасы жана Кыргыз Республикасындагы Европа Биримдигинин өкүлчүлүгү тарабынан каржыланган. Бул семинардын максаты жаш мигранттардын санариптик, коммуникациялык жана кесиптик көндүмдөрүн долбоорлоо, колдоо жана өнүктүрүү үчүн методикалык жана эксперттик базаны түзүү болуп саналат.