E-QUALITY – Социалдык жана каржылык инклюзия жана гендердик

тең укуктуулук үчүн санариптик билим берүү

Санариптик сабаттуулук жана менторлорду даярдоо боюнча семинар. 1-күн

Бүгүн санариптик сабаттуулук жана менторлорду даярдоо боюнча үч күндүк семинар башталып, андан кийин сертификация өткөрүлөт.

Тренингдин катышуучулары баштапкы билим берүү уюмдарынын 40 өкүлү болду, алар тренингдин жыйынтыгында семинарды ийгиликтүү аяктагандыгы тууралуу сертификатка гана ээ болбостон, билимди жергиликтүү деңгээлде берүүгө да мүмкүнчүлүк алышат.

Семинарды “E-Quality” долбоорунун эксперттик тобунун жетекчиси, Адам университетинин ректору С.Сирмбард ачып, максаттар жана милдеттерге токтолду.