Кыргызстандан Билим берүү жана илим министрлигинин, Эмгек, Социалдык коргоо жана Миграция министрликтеринин, кесиптик лицейлердин жана академиялык коомчулуктун өкүлдөрү катышкан “Социалдык жана финансылык инклюзия жана гендердик тең укуктуулук үчүн санариптик билим берүү” долбоору боюнча окутуу сапары башталды.
Болгариянын кесиптик билим берүү жана окутуу боюнча улуттук агенттигинин Адам ресурстарын өнүктүрүү борборунун аткаруучу директору М.Балабанов менен жолугушууда чоң кишилерге билим берүүнүн актуалдуу маселелери, формалдуу эмес окутууну таануу, окутуунун натыйжаларын валидациялоо жана кесиптик билим берүү тармагындагы кызматташтыктын багыттары талкууланды.