E-QUALITY – Социалдык жана каржылык инклюзия жана гендердик

тең укуктуулук үчүн санариптик билим берүү

Бишкекке Болгариянын билим берүү палатасынын өкүлдөрү келишти

23.07.21 ж. Бишкекке Болгариянын Билим берүү, илим жана маданият палатасынын өкүлдөрү сапатты камсыздоо боюнча InAQA Эл аралык агенттиги жана Кыргызстандын эксперттик коомчулугу менен жолугушуп, Европа Союзу тарабынан колдоого алынган «E-Quality Социалдык жана каржылык инклюзия жана гендердик тең укуктуулук үчүн санариптик билим берүү» долбоорун ишке ашырууну талкуулашты.  

Долбоор үч пилоттук региондун - Ысык-Көл, Нарын жана Оштун жаш мигранттарынын санариптик жана финансылык сабаттуулукту, ишкердүүлүктү, лидерликти өнүктүрүү көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган, бул Кыргызстандын Улуттук өнүктүрүү стратегиясына жана Туруктуу өнүгүү максаттарына жетишүүсүнө салым кошууда.