E-QUALITY – Социалдык жана каржылык инклюзия жана гендердик

тең укуктуулук үчүн санариптик билим берүү

vb.kg - Бишкекте "Санариптик сабаттуулук" окутуу семинары болуп өттү

Европа Биримдигинин тышкы ишмердүүлүк программасынын жана Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн каржылоосу менен ишке ашырылып жаткан ""E-Quality - Социалдык жана финансылык инклюзия жана гендердик теңчилик үчүн санариптик билим берүү" долбоорунун алкагында 2023-жылдын 20 - февралынан 22-февралына чейин "Санариптик сабаттуулук" окутуу семинары болуп өттү.

Семинардын максаты - жаш мигранттардын санариптик, коммуникациялык жана кесиптик көндүмдөрүн долбоорлоо, колдоо жана өнүктүрүү үчүн методикалык жана эксперттик базаны түзүү. Семинарга башталгыч кесиптик билим берүү уюмдарынын 35тен ашык өкүлдөрү катышышты, алар тренингдин аягында семинардан ийгиликтүү өткөндүгү жөнүндө сертификат алышты, ошондой эле жергиликтүү деңгээлде ментор (насаатчы) катары билимин бере алышат.

Семинарды "ИнАКВА сапат кепилдиги боюнча эл аралык бюро" КФнын төрайымы, E-QUALITY  долбоорунун улуттук координатору Суеркулова Н. Т. жана E-QUALITY  долбоорунун эксперттик тобунун жетекчиси, Адам университетинин ректору С.Сирмбард ачышты.

Семинардын алкагында катышуучулар санариптик көндүмдөргө жараша топторго бөлүнүштү. Биринчи күнү алар техникалык каражаттар менен иштөөнүн технологияларын, “AcademyInAQ" электрондук билим берүү платформасында иштөөнү үйрөнүштү, буга чейин катталган жана 600дөн ашуун адам онлайн курстардан өтүшөт. Алар ошондой эле Canva, Prezi, Powtoon жана текст редакторлору сыяктуу программалык камсыздоо менен иштөөгө мүмкүнчүлүк алышты . Биринчи күндүн жыйынтыгы топтордун презентациялары болду, анда алар программалык камсыздоону өздөштүргөндүгүн көрсөтүштү.

Семинардын экинчи күнүндө долбоордун эксперттери LMS (Learning Management System) электрондук окутуу платформаларын сунушташты жана презентациялар, электрондук таблицалар менен иштөө мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүштү.

Семинардын жыйынтыктоочу күнү ChatGPT  билим берүү уюмдарынын ишинде жана тесттик тапшырмаларды түзүү боюнча программалык камсыздоо менен иштөөдө колдонуу мүмкүнчүлүктөрүнө арналды. Бул семинардын жыйынтыгы боюнча катышуучулар өткөн материал боюнча сертификациядан өтүшкөндүктөн, алар үчүн ментордун сертификатын алуу үчүн экзамен тапшыруу боюнча консультация каралган. Программаны өздөштүрүү жана экзаменди ийгиликтүү аяктоо үчүн 22-27-февраль аралыгында AcademyInAQA  платформасында жеке тапшырмаларды онлайн режиминде аткарууга мүмкүнчүлүк алышат.

Долбоор боюнча кенен маалыматты телефон +996708518081, e-mail: inaqa.publicfoundation@yandex.ru. аркылуу алсаңыз болот.