E-QUALITY – Социалдык жана каржылык инклюзия жана гендердик

тең укуктуулук үчүн санариптик билим берүү

"E-QUALITY" долбоорунун жумушчу тобунун Ысык-Көл облустук администрациясынын өкүлдөрү менен жолугушуусу

"E-QUALITY" долбоорунун жумушчу тобу Ысык-Көл облустук администрациясынын өкүлдөрү менен жолугушту.

26-июль күнү "E-QUALITY" долбоорунун жумушчу тобу долбоордун алкагында бул жаатта аткарылып жаткан иш-чаралар менен тааныштыруу максатында Ысык-Көл облустук администрациясынын өкүлдөрү менен жумушчу жыйын өткөрдү. Жыйынга миграция жана социалдык маселелер боюнча эксперттер катышып, анда долбоор боюнча кызыктырган суроолор берилип, Ысык-Көл облусунун обладминистрациясы менен биргеликте долбоорду ишке ашыруу пландары талкууланды.