Өткөн жумада Москва шаарында жана Москва облусунда жайгашкан бардык диаспоралардын аялдар кеңешинин төрагалары менен жолугушуу болуп өттү.
Жолугушууда катышуучулар «E-Quality» долбоорунун максаттары жана милдеттери жана, бул долбоордун алкагында гендердик теңчиликти камсыз кылуучу жаңы мүмкүнчүлүктөр менен таанышты.
Биздин максат – долбоорду ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн жергиликтүү жамааттар менен достук мамиле түзүү жана мындан ары Россиядагы диаспоралардын аялдар кеңештери менен кызматташуу.