E-QUALITY – Социалдык жана каржылык инклюзия жана гендердик

тең укуктуулук үчүн санариптик билим берүү

Ош облусунун өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн өкүлү менен жолугушуу

"E-QUALITY" долбоорунун жумушчу тобу Ош облусунун өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн өкүлү менен жолугушту.

30-июль күнү "E-QUALITY" долбоорунун жумушчу тобу Ош облусунун өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн социалдык маселелер боюнча бөлүмүнүн башкы адиси менен жумушчу кеңешме өткөрдү. Жолугушууда Ош облусундагы актуалдуу көйгөйлөр, долбоордун бул багыттагы иш-чаралары жана кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.