E-QUALITY – Социалдык жана каржылык инклюзия жана гендердик

тең укуктуулук үчүн санариптик билим берүү

Нарын облусунун өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрү менен жолугушуу

"E-QUALITY" долбоорунун жумушчу тобу Нарын облусунун өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрү менен жолугушту.

28-июль күнү "E-QUALITY" жумушчу тобу Нарын облусундагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрү менен жумушчу жыйын өткөрүп, долбоордун алкагында бул жаатта аткарылып жаткан иш-чаралар менен таанышты. Жыйынга облустук администрациянын, ошондой эле Нарын шаарынын мэриясынын миграция жана социалдык маселелер боюнча адистери катышып, долбоордун ишке ашырылышы жана жергиликтүү бийлик тарабынан колдоо көрсөтүү маселелери талкууланды.