E-QUALITY – Социалдык жана каржылык инклюзия жана гендердик

тең укуктуулук үчүн санариптик билим берүү

Интервьюерлер үчүн тренингдин экинчи бөлүгү

2021-жылдын 1-сентябрында «E-Quality» долбоорунун эксперти Ч.А.Иманалиеванын жетекчилиги астында интервьюерлер үчүн тренингдин экинчи бөлүгү өткөрүлдү. Ал тренингдин катышуучуларына интервью алуучулардын максаттары жана милдеттери, электрондук форматта жана кагаз түрүндө сурамжылоо жүргүзүүнүн өзгөчөлүктөрү, ошондой эле республиканын үч облусунан: Ысык-Көл, Ош жана Нарындан келген респонденттер менен иштөө боюнча кеңири түшүндүрүп берди.