E-QUALITY – Социалдык жана каржылык инклюзия жана гендердик

тең укуктуулук үчүн санариптик билим берүү

Super.kg - Бишкекте санариптик сабаттуулук боюнча маалымат жыйын өттү

Бүгүн, 18-майда "E-QUALITY - Социалдык жана финансылык интеграция жана гендердик теңчилик үчүн санариптик билим берүү" долбоору боюнча маалымат жыйын болуп өттү.

Долбоор Европа Биримдигинин тышкы ишмердүүлүк программасы жана Кыргыз Республикасынын Европа Биримдигинин өкүлчүлүгүнүн каржылоосу менен ишке ашып жатат.

"E-QUALITY" долбоору өз ишин 2021-жылы баштаган жана долбоорду ишке киргизүү үчүн Ош, Нарын жана Ысык-Көл облустарын пилоттук аймак катары тандап алган.

Долбоордун негизги максаты - социалдык интеграциянын туруктуу моделин түзүү жана илгерилетүү жолу менен жаш мигранттар жана квалификациясы төмөн аялдар сыяктуу социалдык аялуу топтордун арасында санариптик сабаттуулуктун, ишкердүүлүктүн жана лидерликтин жаңы көндүмдөрүн өнүктүрүү.

Эки жыл ичинде "E-QUALITY" долбоордун командасы төмөнкүдөй натыйжаларга жетишти:

  • Долбоордун максаттарына жетүү үчүн мамлекеттик органдар менен байланыш түзүү;
  • Тажрыйба алмашуу;
  • Баштапкы кесиптик билим берүү уюмдарынын өкүлдөрү үчүн окутуучу семинарларды өткөрүү;
  • Эл аралык конференцияларды жана методикалык семинарларды өткөрүү;
  • Ош, Каракол шаарларында жана Нарын облусунун Кара-Тоо айылында Мигранттарды колдоо борборлорун ачуу
  • AcademyInAQA электрондук платформасын - кибер жардамчысы бар мобилдик тиркемени иштеп чыгуу жана ишке киргизүү.

Февраль айынын аягынан марттын башына чейин долбоордун командасы Бишкек, Каракол жана Ош шаарларында онлайн жана оффлайн режимдеринде үч күндүк семинар өттү.

"Семинардын максаты жаш мигранттардын санариптик, коммуникациялык жана кесиптик көндүмдөрүн долбоорлоо, колдоо жана өнүктүрүү үчүн усулдук жана эксперттик базаны түзүү. Үч күн ичинде семинардын катышуучулары "AcademyInAQA" электрондук окутуу платформасы, Canva, Prezi, Powtoon сыяктуу программалык камсыздоо жана тексттик редакторлор менен иштөө сыяктуу санариптик көндүмдөрүн үйрөнүштү. Ошондой эле, долбоордун эксперттери e-learning LMS (Learning Management System) платформаларын, презентациялар жана электрондук таблицалар менен иштөө мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүп беришти.

Семинардын жыйынтыктоочу күнү ChatGPT'ти билим берүү уюмдарынын ишинде колдонуу жана тесттик тапшырмаларды түзүү үчүн программалык камсыздоо менен иштөө мүмкүнчүлүктөрүнө арналды. Бул семинардын жыйынтыгында катышуучулар онлайн сынактан өтүп, 170тен ашык катышуучуга "ментор" сертификаты берилди", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, семинардын жыйынтыгында сынактан өткөн катышуучуларга сертификат берилет. Аталган сертификаттар башка мамлекетте дагы жарактуу жана эң башкысы семинарга катышуу акысыз.

 

Маалымат булагы: Super.kg

Шилтеме: https://www.super.kg/kabar/news/427735