E-QUALITY – Социалдык жана каржылык инклюзия жана гендердик

тең укуктуулук үчүн санариптик билим берүү

Берилген тема боюнча изилдөө жүргүзүүгө конкурс

Болгариянын Билим берүү, илим жана маданият палатасы жана «InAQUA» коомдук фонду тарабынан Европа Союзунун каржылык колдоосу менен ишке ашырылып жаткан «E-QUALITY – социалдык жана финансылык инклюзия жана гендердик тең укуктуулук үчүн санариптик билим берүү» долбоору суб-контракт шарттарында “Ишкердик, санариптик жана лидерлик көндүмдөрү аркылуу аялдардын жана мигрант аялдардын коомдук турмушка жана эмгек рыногуна катышуусуна  көмөктөшүү жана тартуу” темасында изилдөө жүргүзүү үчүн өкмөттүк эмес уюмдардын (НПО) арасында конкурс жарыялайт.

Сынактын максаты – гендердик документтерди иштеп чыгуу, аналитикалык отчетторду жазуу ж.б.у.с. тажрыйбасы бар өкмөттүк эмес уюмдарды тандоо.

Сынакка байланыштуу толук маалымат бул жерде  «Сынактын жобосу», техникалык тапшырма 

Сынак 2021-жылдын 01-октябрынан 15-октябрына чейин өткөрүлөт.

Өтүнүч кагаз жана/же электрондук түрдө 2021-жылдын 15-октябрдын саат 16.00гө чейин кабыл алынат (почта аркылуу жөнөтүлгөн каттар 2021-жылдын 15-октябрдын саат 16.00гө чейин долбоордук кеңсеге жеткирилиши керек)

Дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Чүй проспектиси 164 а, бөлмө. 408/1, КФ "ИнАКВА" же электрондук дарекке: inaqa.publicfoundation@yandex.ru.

Маалымат үчүн телефон: (+996-708) 51-80-81 Нуркыз Сүйөркулова.