E-QUALITY – Социалдык жана каржылык инклюзия жана гендердик

тең укуктуулук үчүн санариптик билим берүү

Kyrgyzmedia.kg - Кочкордо мигранттарды колдоо борбору ачылды

18-апрелде Нарын облусуна караштуу Кочкор районундагы №15 профессионалдык лицейде мигранттарды колдоо борбору ачылды.

Мындай борборлор Каракол жана Ош шаарларында да ачылган. Максаты, актуалдуу көндүмдөргө үйрөтүү аркылуу мигранттардын квалификациясын жогорулатуу, эмгек рыногунда атаандаштыкка туруктуулугун арттыруу.

Бул демилгенин алкагында, окутуучу электрондук микрокурстарду түзүү боюнча методикалык рекомендациялар этап-этабы менен ишке ашып жатат. https://academy.inaqa.com электрондук окутуучу платформасында мигранттарга абдан керек болгон санарип, каржылык сабаттуулук жана башка эң керектүү көндүмдөрдү үйрөтүүчү 15 окутуучу модульдан турган материалдар жайгаштырылууда. Ошондой эле, платформада ZOOM, iSpring сыяктуу санарип инструменттер, баалоочу материалдар, виртуалдык лабораториялар, видеоматериалдар, видеокурстар ж.б. болот.

Борборду ачуу аземинде «E-quality» долбоорунун КРдагы улуттук координатору Н.Суеркулова ишке ашып жаткан бул демилгенин максаты жана милдеттери, https://academy.inaqa.com/ электрондук окутуучу платформасы тууралуу маалымат берди. Ал эми проф., доктор Преслав Димитров профессионалдык окуу үчүн мигранттарды колдоо борборунун ролу тууралуу сөз кылды.

Иш-чаранын алкагында, Адам Университетинин ректору, эксперттик группанын жетекчиси С. Сирмбард, «Equality» долбоорунун сапат боюнча эксперти, билим берүү, илим жана маданият боюнча Болгар палатасынын төрагасынын орун басары Мария Станкова тарабынан борбордун мындан аркы иши үчүн «iSpring» Zoom, Prezi программалык камсыздоолоруна лицензия берилди.

Бул демилге «E-Quality» — Социалдык жана каржылык инклюзия жана гендердик теңчилик үчүн санариптик билим берүү долбоорунун алкагында, Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгүнүн жана Европа Биримдигинин тышкы ишмердүүлүк программасынын каржылоосунда ишке ашырылып жатат.

Маалымат булагы: kyrgyzmedia.kg

Шилтеме: https://kyrgyzmedia.kg/kochkordo-migranttardy-koldoo-borboru-achyldy/