E-QUALITY – Социалдык жана каржылык инклюзия жана гендердик

тең укуктуулук үчүн санариптик билим берүү

«Жаш эмгек мигранттарынын өнүгүү вектору: санариптик көндүмдөр жана финансылык сабаттуулук» эл аралык конференциясы.

“Жаш эмгек мигранттарынын өнүгүү вектору: санариптик көндүмдөр жана финансылык сабаттуулук” эл аралык конференциясы

Европа Союзунун жана Кыргыз Республикасындагы Европа Союзунун өкүлчүлүгүнүн тышкы ишмердүүлүк программасы тарабынан каржылоо менен ишке ашырылып жаткан “ E-Quality ” – Социалдык жана финансылык инклюзия жана гендердик тең укуктуулук үчүн санариптик билим берүү” долбоорунун алкагында, 2022-жылдын 1-декабрында Бишкектеги Hyatt Regency Bishkek мейманканасында “Жаш эмгек мигранттарынын өнүгүү вектору: санариптик көндүмдөр жана финансылык сабаттуулук” аттуу эл аралык конференция болуп өттү.

Конференциянын максаты заманбап билим берүү жана санариптик инструменттерди колдонуунун негизинде эмгек мигранттарынын санариптик жана ишкердик көндүмдөрүн калыптандырууга жана өнүктүрүүгө байланышкан маселелердин кеңири чөйрөсүн талкуулоо болду.

 

Бул иш-чарага Болгариянын, Латвиянын, Германиянын жана Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын, кесиптик коомчулугунун, билим берүү уюмдарынын, эксперттик коомчулугунун өкүлдөрү, эл аралык эксперттер, анын ичинде Балтика эл аралык академиясынын (Рига, Латвия) туризмди жана меймандостукту башкаруу программасынын директору, профессор М.Гунаре,  Эл аралык Балтика (Рига, Латвия) академиясынын профессору,  э.и.д. Е.Васильева, прикладдык илимдер университетинин эл аралык долбоорлорунун илимий координатору О.Зубикова (Билефельд, Германия) катышышты.

Конференцияны «E-QUALITY» Социалдык жана финансылык инклюзия жана гендердик тең укуктуулук үчүн санариптик билим берүү»  долбоорунун координатору проф. д-р П. Димитров., Болгариянын Билим берүү, илим жана маданият палатасы (София, Болгария), Башталгыч кесиптик билим берүү бөлүмүнүн башчысы Г. Мамырова,  , КР Экономика жана коммерция министрлигинин монополияга каршы саясат, атаандаштыкты өнүктүрүү жана баа түзүү башкармалыгынын начальниги А.Кожомбердиева, КР Экономика жана соода министрлигинин Социалдык чөйрөнүн чыгашаларын пландаштыруу башкармалыгынын саламаттыкты сактоо жана социалдык коргоо бөлүмүнүн башчысы М.Мамбеталиева, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жана КР МТСОМ эмгекти өнүктүрүү жана активдүү чаралар боюнча чечимдерди даярдоо бөлүмүнүн башкы адиси Э.Каримов ачышты.

Конференциянын алкагында эки секция уюштурулду: “Кыргызстандык эмгек мигранттарынын потенциалын жогорулатуу: санариптик көндүмдөрдү өнүктүрүү” жана “Кыргызстандык эмгек мигранттарынын потенциалын жогорулатуу: финансылык жана ишкердик көндүмдөрдү өнүктүрүү”.

“Кыргыз эмгек мигранттарынын потенциалын жогорулатуу: санариптик көндүмдөрдү өнүктүрүү” секциясынын жүрүшүндө Латвиянын мисалында билим берүүдөгү санариптик көндүмдөрдүн темалары жана санариптик көндүмдөрдү окутуу программалары каралып, долбоордун эксперттери тарабынан иштелип чыккан “Санариптик сабаттуулук” электрондук курсу каралды.

“Кыргыз Республикасынын эмгек мигранттарынын потенциалын өнүктүрүү: финансылык жана ишкердик көндүмдөрдү өнүктүрүү” деген экинчи бөлүмдө финансылык сабаттуулуктун негиздери боюнча оюн көрсөтүлүп, салык кызматтарын санариптештирүү, эмгектик миграциянын оң жана терс кесепеттери темалары талкууланып, долбоордун эксперттери тарабынан иштелип чыккан “Финансылык сабаттуулук” курсу көрсөтүлдү.

Секциялардын иши аяктагандан кийин, модератор, E-QUALITY долбоорунун эксперттик тобунун жетекчиси, Адам университетинин ректору С.Сирмбард талкуу өткөрүп, иш-чаранын жыйынтыгын чыгарды.

«E-QUALITY – Социалдык жана финансылык инклюзия жана гендердик тең укуктуулук үчүн санариптик билим берүү» долбоорунун максаты – Кыргыз Республикасында (КР) жаш мигранттар жана квалификациясы төмөн болгон аялдар сыяктуу социалдык аялуу топтордун арасында, социалдык интеграциянын туруктуу моделин түзүү жана жайылтуу аркылуу, жаңы санариптик сабаттуулукту, ишкердүүлүктү жана лидерлик көндүмдөрүн өнүктүрүү.

Долбоор боюнча кошумча маалыматты төмөнкү телефон аркылуу алса болот: +996708518081, e-mail: inaqa.publicfoundation@yandex.ru

 

Пресс-релиздин файлы