E-QUALITY – Социалдык жана каржылык инклюзия жана гендердик

тең укуктуулук үчүн санариптик билим берүү

Болгариянын билим, илим жана маданият палатасынын, InAQA-нын өкүлдөрүнүн ортосунда жолугушуулар болду

«E-Quality – социалдык жана финансылык инклюзия жана гендердик тең укуктуулук үчүн санариптик билим»

Бишкек, 2021-жыл 4-август

«E-Quality – социалдык жана финансылык инклюзия жана гендердик тең укуктуулук үчүн санариптик билим берүү” долбоорунун алкагында 2021-жылдын 26-июлунан 30-июлуна чейин Болгариянын Билим берүү, илим жана маданият палатасынын өкүлдөрүнүн,  Сапатты камсыздоо боюнча эл аралык агенттиги InAQA жана Ысык-Көл, Нарын жана Ош облустук администрацияларынын социалдык өнүгүү бөлүмдөрүнүн кызматкерлери, эксперттер, Кыргызстандын мугалимдеринин ортосунда жолугуушулар болуп өттү. Жолугушуулардын жүрүшүндө долбоордун максаттары жана милдеттери, аралык изилдөө натыйжалары, ар бир пилоттук багытта мамлекеттик органдар жана башка кызыкдар тараптар менен кызматташуу жолдору, максаттуу топтордун өкүлдөрүнүн арасында санариптик жана финансылык сабаттуулук, ишкердикти жана лидерлик сапаттарды өнүктүрүү боюнча ар кандай маселелер  талкууланды.

Долбоордун максаттуу топтору: квалификациясы төмөн жаш эмгек мигранттары; расмий билимге жана көндүмдөрдү өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүгү чектелген кыздар жана жаш аялдар, тышкы миграция процессинин катышуучулары катары жаш мигранттардын үй-бүлө мүчөлөрү, жаш эмгек мигранттарын колдоо боюнча мамлекеттик органдар, ошондой эле ар кандай типтеги билим берүү уюмдары.

Иш сапарынын жүрүшүндө 100дөн ашык катышуучулар үчүн «Мигранттарды окутуу жана билим берүү – улуттук квалификациялык негиздер, EQF жана ECVET, ECTS кредиттерди топтоо жана которуу системаларынын өз ара байланышы», «Сапатты камсыздоо системасы» деген жумушчу жолугушуулар жана семинарлар өткөрүлдү.

Долбоор тууралуу кошумча маалыматты +996708518081 телефону, e-mail: inaqa.publicfoundation@yandex.ru аркылуу алса болот.