Болгариянын билим берүү, илим жана маданият палатасы жана «InAQUA» коомдук фонду тарабынан Европа Союзунун каржылык колдоосу менен ишке ашырылып жаткан «E-QUALITY – социалдык жана финансылык инклюзия жана гендердик тең укуктуулук үчүн санариптик билим берүү» долбоору суб-контракт берүү шарты менен, электрондук билим берүү академиясынын InAQA платформасынын жасалма интеллекти менен кибер-насаатчыны түзүүгө конкурс жарыялайт.
Конкурстун максаты билим берүү чөйрөсү үчүн платформаларды жана тиркемелерди иштеп чыгууда тажрыйбасы бар мекемелерди тандоо.
Конкурс 2023-жылдын 21-февралынан 28-февралына чейин өткөрүлөт.
Өтүнүч (заявка) кагаз жана/же электрондук түрдө 2023-жылдын 28-февралы саат 16:00гө чейин кабыл алынат (почта аркылуу жөнөтүлгөн каттар 2023-жылдын 28-февралдын саат 16:00гө чейин долбоордук кеңсеге жеткирилиши керек)
дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., 7-апрель көчөсү 155а, 310- бөлмө, КФ "ИнАКВА" же электрондук дарекке: inaqa.publicfoundation@yandex.ru.
Маалымат үчүн телефон: (+996-708) 51-80-81 Нуркыз Сүйөркулова.