E-QUALITY – Социалдык жана каржылык инклюзия жана гендердик

тең укуктуулук үчүн санариптик билим берүү

«Academy InAQA» электрондук билим берүү платформасы үчүн мобилдик тиркемени иштеп чыгуу боюнча конкурс

Болгариянын билим берүү, илим жана маданият палатасы жана «InAQUA» коомдук фонду тарабынан Европа Союзунун каржылык колдоосу менен ишке ашырылып жаткан «E-QUALITY – социалдык жана финансылык инклюзия жана гендердик тең укуктуулук үчүн санариптик билим берүү» долбоору суб-контракт берүү шарты менен, AcademyInAQA электрондук билим берүү платформасы үчүн мобилдик тиркемени иштеп чыгуу боюнча конкурс жарыялайт.

Конкурстун максаты билим берүү чөйрөсү үчүн мобилдик тиркемелерди иштеп чыгууда тажрыйбасы бар мекемелерди тандоо.

  1. Катышуу үчүн техникалык тапшырма (Жүктөп алуу)
  2. Сынактын жобосу (Жүктөп алуу)
  3. Арыз формасы (жүктөп алуу)

Конкурс 2023-жылдын 21-февралынан 28-февралына чейин өткөрүлөт.

Өтүнүч (заявка) кагаз жана/же электрондук түрдө 2023-жылдын 28-февралы саат 16:00гө чейин кабыл алынат (почта аркылуу жөнөтүлгөн каттар 2023-жылдын 28-февралдын саат 16:00гө чейин долбоордук кеңсеге жеткирилиши керек)

дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., 7-апрель көчөсү 155а, 310- бөлмө, КФ "ИнАКВА" же электрондук дарекке: inaqa.publicfoundation@yandex.ru.

Маалымат үчүн телефон: (+996-708) 51-80-81 Нуркыз Сүйөркулова.