E-QUALITY – Социалдык жана каржылык инклюзия жана гендердик

тең укуктуулук үчүн санариптик билим берүү

Семинар “Заманбап билим берүүдөгү микродаражалар: карьералык өсүштүн жана квалификацияларды таануунун эффективдүү инструменттери”

Евросоюздун тышкы аракеттер программасы жана Европа Комиссиясынын Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгү тарабынан каржылоо менен ишке ашырылып жаткан «E-Quality» - Социалдык жана финансылык инклюзия жана гендердик тең укуктуулук үчүн санариптик билим берүү» долбоорунун алкагында, 17.08.2022 ж. – 19.08.2022 ж. “Заманбап билим берүүдөгү микродаражалар: карьералык өсүштүн жана квалификацияны таануунун эффективдүү инструменттери” аттуу методикалык семинар болуп өттү. Семинар Hyatt Regency Bishkek мейманканасында гибрид форматында өттү.

Семинардын максаты жаш мигранттардын санариптик, коммуникациялык жана кесиптик көндүмдөрүн долбоорлоо, колдоо жана өнүктүрүү үчүн методологиялык жана эксперттик базаны түзүү болгон.

Семинардын маселелери:

1. Үзгүлтүксүз билим алуунун контекстинде микродаражаларды /микроквалификацияларды колдонуунун европалык тажрыйбаларды изилдөө;

2. Эмгек мигранттарынын потенциалын жогорулатуу үчүн квалификациянын улуттук системаларынын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен микродаражаларды /микроквалификацияларды өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн талдоо;

3. Микродаражаларды/микроквалификацияларды ыйгаруу боюнча курстарды түзүүнүн усулдук өзгөчөлүктөрүн аныктоо;

4. Микродаражаларды/микроквалификацияларды ыйгаруу үчүн санариптик курстарды долбоорлоо инструменттерин колдонуу көндүмдөрүн калыптандыруу.

Үч күндүк семинар Болгариянын Билим берүү, илим жана маданият палатасы (София, Болгария) «E-QUALITY» Социалдык жана финансылык инклюзия жана гендердик тең укуктуулук үчүн санариптик билим берүү»  долбоорунун координатору проф., д-р Преслав Димитровдун,  КР Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулунун, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин Эмгек жана ишке орноштуруу департаментинин жетектөөчү адиси Эркин Каримовдун, жана «E-QUALITY» долбоорунун эксперттик тобунун жетекчиси, Адам университетинин ректору Светлана Сирмбарддын куттуктоо сөздөру менен башталды.

Семинарда эл аралык спикерлер катары кесиптик билим берүү жана окутуу боюнча улуттук эксперт П.Николова (Болгария Республикасы) жана Балтика Эл аралык Академиясынын Туризм программасынын директору, профессор М.Гунаре (Латвия Республикасы) чыгып сүйлөштү. Алар Улуттук квалификациялык алкак (NQF), Европалык квалификациялык алкак (EQF), билим берүү жана кесиптик стандарттар боюнча эл аралык тажрыйбасы менен бөлүшүштү. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук квалификациялык тутумуна жана 2022-2024-жылдарга Кыргыз Республикасында улуттук квалификациялык системаны өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планына көп көңүл бурулду, аны Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Эмгек жана ишке орноштуруу башкармалыгынын өкүлү сунуштады.

Семинардын экинчи күнү микродаражаларды/микроквалификацияларды берүү үчүн курстарды долбоорлоого багытталган. Долбоордун эксперттери тарабынан «Санариптик сабаттуулук» курсунун долбоордук кейси көрсөтүлдү, анын негизинде микрдаражаларды/микроквалификацияларды ыйгаруу үчүн, катышуучуларга «Финансылык сабаттуулук», «Коммуникация», «Лидерлик» жана «Ишкердик» темалары боюнча өздүк курстарын түзүүгө практикалык мүмкүнчүлүк берилди.

Семинардын үчүнчү күнү IT платформаларына, келечекте катышуучуларга өз алдынча эффективдүү курстарды моделдештирүүгө жардам бере турган Panopto, iSpring жана Prezi сыяктуу сервистерине арналды.  Катышуучулар топтордо иштөө менен мурда берилген электрондук ресурстарды колдонуп, өз продукцияларын түзүштү.

Долбоор жөнүндө көбүрөөк маалымат алуу үчүн төмөнкү телефондорго кайрылсаңыздар болот: +996708518081, e-mail: inaqa.publicfoundation@yandex.ru

Пресс-релиз файлы жүктөп алуу үчүн