E-QUALITY – Социалдык жана каржылык инклюзия жана гендердик

тең укуктуулук үчүн санариптик билим берүү

Экинчи тегерек стол “КРнын эмгек мигранттарынын потенциалын жогорулатуу: финансылык жана ишкердик көндүмдөрдү өнүктүрүү”

«E-Quality» -  Социалдык жана финансылык инклюзия жана гендердик тең укуктуулук үчүн санариптик билим берүү

Европа Союзунун тышкы аракеттер программасы жана Кыргыз Республикасындагы Европа Союзунун  Өкүлчүлүгү тарабынын каржылоо менен ишке ашырылып жаткан «E-Quality» -  Социалдык жана финансылык инклюзия жана гендердик тең укуктуулук үчүн санариптик билим берүү долбоорунун алкагында 13.10. 2022-жылы “КРнын эмгек мигранттарынын потенциалын жогорулатуу: финансылык жана ишкердик көндүмдөрдү өнүктүрүү” конференциясы өттү.

 

Конференциянын максаты - эмгек мигранттарынын негизги квалификациясын жогорулатуу үчүн санариптик аспаптарды талкуулоо.

Конференцияны «InAQUA Эл аралык сапатты камсыздоо бюросу» коомдук фондунун төрагасы, «E-QUALITY», долбоорунун улуттук координатору Н.Суеркулова, E-QUALITY долбоорунун координатору, Болгариянын Билим берүү, илим жана маданият палатасынын өкүлү, проф. д-р. П.Димитров, жана Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин орун басары А.Мамбеткадыров ачышты.

Конференциянын өтүшүндө эки тегерек стол уюштурулду: “Кыргыз эмгек мигранттарынын потенциалын жогорулатуу: санариптик көндүмдөрдү өнүктүрүү” жана “Кыргыз эмгек мигранттарынын потенциалын жогорулатуу: финансылык жана ишкердик көндүмдөрдү өнүктүрүү”. Тегерек столдордун ишине Болгариянын жана Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын, кесиптик коомчулуктарынын, билим берүү уюмдарынын, эксперттердин өкүлдөрү катышты.

КРнын эмгек мигранттарынын потенциалын жогорулатуу: санариптик көндүмдөрдү өнүктүрүү” аттуу биринчи тегерек столдун жүрүшүндө «E-QUALITY» долбоорунун эксперттик тобунун жетекчиси, Адам университетинин ректору С.Сирмбард сөз сүйлөп, «Санариптик сабаттуулук»: эмгек мигранттарынын санариптик көндүмдөрүн өнүктүрүү деген электрондук курсу менен тааныштырды. Долбоордун эксперттери Ч.Иманалиева жана З.Сүйөркулова “Санариптик сабаттуулук 1,2,3” электрондук курсунун түзүлүшү жана иштеши тууралуу кененирээк айтып беришти.

“Кыргыз Республикасынын эмгек мигранттарынын потенциалын жогорулатуу: финансылык жана ишкердик көндүмдөрдү өнүктүрүү” аттуу экинчи тегерек столду да С.Сирмбард “Финансылык сабаттуулук: эмгек мигранттарынын финансылык жана ишкердик көндүмдөрүн өнүктүрүү” электрондук курсунун презентациясы менен ачты. Конференциянын катышуучуларына E-QUALITY долбоорунун эксперттери М.Абыкеева жана А.Шаршеева бул курстун өзгөчөлүктөрү менен бөлүшүштү.

  Ар бир тегерек столдун аягында С.Сирмбарддын модераторлугу менен талкуу жүргүзүлүп, аудитория долбоордун ишке ашырылышын талкуулоого, эксперттерге суроолорду берүүгө жана конференциянын уюштуруучуларына өз пикирин билдирүүгө мүмкүнчүлүк алды.

Долбоор боюнча кошумча маалыматты төмөнкү телефон аркылуу алса болот:+996708518081, e-mail: inaqa.publicfoundation@yandex.ru

Пресс-релиз файлын жүктөп алуу